super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап кум талашып, түшүнбөстүк пайда болгон

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки айылдын тургундарынын ортосундагы түзүлгөн түшүнбөстүк чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, учурда кыргыз жергесинин Ак-Сай жана Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары биргеликте Каравшин дарыясынан кум-таш алышууда.

Эскерте кетсек, 27-мартта 3-4 кыргыз жараны аталган дарыядан кум-таш алалы деп келгенде Чорку айылынын тургундары буга уруксат бербей коюшкан. Нааразы болгон кыргыз жарандары 30-36 адамдан турган топту чогултуп суунун жээгине келишкен. Пикир келишпестикти ырбатпоо үчүн эки тараптын чек ара тозотторунун жетекчилери окуя болгон жерге келишкен. Бүгүн Каравшин суусундагы кум-ташты биргеликте пайдалануу боюнча суроо Ак-Сай жана Чорку айыл башкармалыктарынын жетекчилеринин жолугушуусунда каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.03.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Качандан бери каралат чечилет тушундуруу иштери жургузулот ж.б.у.с бирок али эч бир жыйынтыктын жыты да жок.
28.03.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
коптон бери каралат жана копко чейин карала берет
28.03.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз кыргыздарга тийишкендер кобойдуго!
28.03.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек ара маселеси эч чечилбей койдуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: