super.kg logo

Бишкекте “Бир кадрдагы өмүр” аттуу социалдык роликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт

 

Эртең, 29-мартта А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Бир кадрдагы өмүр” аттуу социалдык роликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалым болгондой, сынак 2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Анын негизги максаты:

  • жарандардын руханий жана интеллектуалдык көрөңгөсүн арттыруу;
  • маданий, гуманисттик жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө;
  • коомчулуктун, айрыкча жаштардын социалдык жоопкерчиликке көңүлүн буруу;
  • сергек жашоо образын жайылтуу;
  • жаштар өрнөк ала турган, үлгү ала турган образды жаратуу.

Сынакка үй-бүлөлүк баалуулуктар, жоопкерчилик, гуманизм, мекенге, ата-энеге болгон сүйүү, дени сак жашоо образы, ыйман, адеп-ахлак жана башка темалар киргизилген.

Кыргыз элинин байыркы тарыхын, бай маданиятын, рухий мурасын сактоодо жана өнүктүрүүдө жаштарга көмөкчү болуп, алардын кең келечеги үчүн талыкпай эмгектенип, өсүп келе жаткан муунга шарт түзүп беришибиз керек. Аталган сынактын жалпы байге фонду жүз миң сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: