Борбордо "адам уурдап, аны ур-токмокко алган" деген шек менен Жалал-Абаддын тургуну кармалды
Борбор калаада "адам уурдап, аны ур-токмокко алган" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 31 жаштагы Р.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Махатма Ганди жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинен саат 21:00 чамасында 30-35 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуу менен аны унаага салып кетишкенин айткан. Андан сырткары жабырлануучу аны Маевка айылына алып барып ур-токмокко алгандарын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы И.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.