super.kg logo

Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды

 

Бүгүн, 28-мартта Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында Жусуп Иманалиев атындагы мектептин жаңы имаратына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жер-Үй алтын кенинен түшкөн каражатка республикада жаңы курулуп жаткан 100 мектептин ичине Нарын облусу боюнча быйыл 12 объект кирген. Аталган мектеп дагы ушул каражаттан курулуп жатат. Мектептин жаңы имаратына 62 миллион 448 миң сом бөлүнгөн жана мектеп үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата бүткөрүлөт.

1962-жылы пайдаланууга берилген Ж.Иманалиев атындагы мектептин эскилиги жетип, жаңы имарат салууга муктаждык жаралган. Учурда мектепте 360 окуучу окуп, 34 мугалим эмгектенет.

Иш-чарага ЖКнын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жылдыз Мусабекова, Автандил Кулбараков, облус башчы Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.03.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдын аталышын өзгөртүп койуп алышса жакшыбы дейм.
30.03.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он-Арча болчу негизи анан биз кайра Эчки башы деп эски атын коюп алганбыз ))) менин айылым бул озу ушул жерден окуп чоку кеткем акыры салынып жатыптырда 1990 жылы казылып анан салынбай калган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: