Борбор калаада бир нече уурулук фактысына шектелген 27 жаштагы жаран кармалды
Борбор калаада бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 12-мартта Ахунбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам анын кара түстөгү күрмөсүн уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандын бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.