super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сүйүү виртуалдуу жашоодон башталат, ошондуктан сүйүктүүбүз социалдык тармакта башкалар менен жазышса кызганыш керек..."

 

Интернеттеги социалдык тармактардын оң жана терс жактарын көрүп жүрөбүз. Социалдык желелер адамдардын сүйүшүп, бактылуу болуусуна, тескерисинче, түгөйлөр бири-бирин кызганышып, бактылуу үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келген учурлары да бар. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Виртуалдуу кызгануу" деген тема талкууланууда. Тема боюнча түрдүү пикирлер айтылып жатат:

"Виртуалдуу дүйнөдө эмне чечилмек эле, өз көзүң менен көрүп, билбегенден кийин. Мени виртуалдуу кызгануу кызыктырбайт".

"Виртуалда деле кимге болбосун, эмнени ойлоп жатса, ошону жазат да. Алдайм, тамашалайм деген менен, ошо сөздөрдүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар, ошондуктан бардык жерде жакындарымды кызганам".

"Сүйүү виртуалдуу жашоодон башталат. Ошондуктан кызганыш керек".

"Кээ бир адамдардай болуп ичинен кызганып тим боло албайм, ушунун айынан бир сыйра "авария" болуп барып, анан оңдолуп-түздөлүп калмай. Көбүнчө кечигип келген жооптор үчүн болот".

"Азыр бирөө менен жакшы жазышып койсоң, эртеси күнү "жаным" деп, үчүнчү күнү кызганып башташат экен, шумдугуң кургур!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
29.03.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соц.тармактын баары да балаа жогу да балаа. Жигитим айтат интернет с..а деп, озунчо кызганып алат окшойт))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: