Баткен облусунда Тажикстанга 1400 килограммдан ашуун курутту мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Баткен облусунда Тажикстанга 1400 килограммдан ашуун курутту мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Баткен облусуна караштуу Эки-Таш айыл аймагынан Тажикстан тарапка өтүүгө аракеттенген Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын артынан 1460 килограммды түзгөн 61 мүшөк курут табылган. Териштирүү иштеринин алкагында курутту өткөрүүгө эч кандай документтер жок экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, жалпы суммасы 200 миң сомго бааланган курут Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
Рейтинг:
0

Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!