Италияда экинчи жолу кыргыздардын дүйнөлүк форуму өтөт




12-14-апрелде Италияда "Kyrgyz Club" бирикмеси экинчи жолу кыргыздардын дүйнөлүк форумун өткөрөт. Маалым болгондой, иш-чаранын башкы максаты - ар кайсы өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын таанышуусуна, алардын өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат. Форумга АКШ, Канада, Англия, Германия, Франция, Бириккен Араб Эмираты, Катар, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Орусия, Түркия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү келишмекчи. Эскерте кетсек, кыргыздардын дүйнөлүк форуму былтыр 1-жолу АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

