super.kg logo

Кыргыз жеринен барган чыгармачыл топ АКШда фестивалга катышууда (фото)

 

Ушул күндөрү АКШда түрк өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл топтордун, артисттердин катышуусунда фестиваль өтүп жатат. Фестивалга кыргыз өлкөсүнөн барган ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлнур Асанова, Гүлжигит Калыков жана бий топтору катышууда. Фестиваль 28-мартта Нью-Йорк шаарында уюштурулса, 1-апрелге чейин Вашингтондо уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди.

Фестивалдын катышуучуларынын бири Гүлжигит Калыков: "Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде 28-мартта чоң концерт-фестиваль ийгиликтүү болуп өттү. Келген коноктор, көрүүчүлөр концерт бүткөн соң 10-15 мүнөттөй туруп кол чаап жатышты. Ага кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Молдова, Башкыр Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген таланттар катышууда. 29-мартта Нью-Йорк шаарындагы Парк-авенюда концерт өттү. Кирүү акысыз болду",- деди.

Ырчы Гүлнур Асанова буларды кошумчалады: "20 жылдык тарыхы бар "Түрксой" уюму уюштурган фестивалга 6-7 жылдан бери катышып келем. Быйыл да активдүү катышуучулардын бири болдум. Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесиндеги концертте атайын чакырылган коноктор гана болду. 3 сааттык даярдыктардан кийин фестиваль башталды. Профессионал музыканттардан чогулган оркестрлердин коштоосунда жандуу үн менен ырдадык. Кыргыз өлкөсүнүн атынан элдик ырларды тартууладык. Буюрса, 1-апрелде фестивалдын жабылыш аземи өтөт. Андан соң мекенибизге кайтабыз".






"Маш ботой" Бириккен Улуттар Уюмунда жаңырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
30.03.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматту супер инфо Гүлжигит Калыков,Гулнур Асановалар келсе интервью алгылачы сураныч.атайын программа аркылуу,баштарына маймылдын маскасын кийип алып Туркияда маш ботойго бийлегендерин инстаграмга жүктөштү,бирок нааразы пикирлерден кийин өчүрүштү.муну биз кыргыз маданиятын шылдыңдоо катары кабыл алдык.чет өлкөгө кыргыздын атын чыгарганы барыштыбы? Жэ маймылдын маскасын кийип маш ботойго бийлегениби?
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-30 14:04:45
Медиа-портал
30.03.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona12,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: