super.kg logo

КИНОЗАЛ: "Жашоодо тасмада ойногон каарманыма такыр окшошпойм" дейт "Уурунун махабаты" тасмасындагы актёр Кубанычбек Адылов

 
"Кинозал" бөлүмүндөгү драма, криминал жанрында тартылган тасмалардын бири - "Уурунун махабаты" ("Влюблённый вор") тасмасы. Режиссёру - Эрнест Абдыжапаров. Анда Асема Токтобекова, Элина Абай кызы, Кубанычбек Адылов өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасмадагы башкы каармандардын бири, "кримтөбөлдүн" образын жараткан актёр Кубанычбек Адылов: "Актёр аткарган ролунун жактоочусу болушу керек. Эгер кинодогу каармандын жоруктары актёрго түшүнүксүз болсо, анда ал ролду жеткире ойноо мүмкүн эмес. Образ ошол ойдон чыгарылган каармандын жоруктарынын кошулмасынан жаралат. Андыктан актёр ал образды аткарардан мурун өзү үчүн анын тасмада кыла турган жоруктарын тактап алышы керек. Мен аталган тасмадагы каарманыма такыр окшош эмесмин. Мүнөзүм, жашоодогу принциптерим башкача, бирок "кримтөбөлдүн" образын көрүүчүлөрдүн купулуна толгудай кылып аткарганга аракет кылгам",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде.

Тасмада эрдемсинген каракчы жигит сулуу кызга ашык болуп, анын артынан түшөт, бирок сулуу кыздын жүрөгү бош эмес болот. Сүйүшкөндөр качып, алардын артынан кууган каракчы жигит сулуунун сүйгөнүн өлтүрөт. Аны көргөн кыз өзүнө канжар урат. Ошол учурда жаңылган жаа каракчынын да өмүрүн кыйып, шейит кетет. Бирок тиги дүйнөдө жашоо менен өлүмдүн дарбазасында отурган кемпир каракчынын акыркы өмүрү экенин, өлтүрүлгөн кыз-жигит кийинки жашоодо анын ата-энеси болорун айтат.

"Уурунун махабаты" тасмасын толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.04.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема чечинип алганбы
02.04.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино вообще жакпайт. Актëрдун башка кинодо аткарган ролу барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: