super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик кызматкерлер жана дин кызматкерлери экстремизмдин алдын алуу боюнча форум өткөрүштү

 

Бүгүн, 29-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан "Экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана КРнын жарандарын Сириядагы согуштун катышуусуна бөгөт коюу" форуму өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга кыргыз жергесинин мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, теолог Кадыр Маликов, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Даниэл Рысалиев, Ысык-Көл районунун прокурору Майрамбек Таалайбеков, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана башкалар катышууда.

Максатбек ажы Токтомушев ислам дининин тууралыгын түшүндүрүү жолу менен жеткирүүнү, ыймандуу чөйрөнү курууга чакырды. "Диний экстремизм, терроризмдин ислам динине эч кандай тиешеси жок. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге караганда өлкөбүздө диний абал туруктуу. Муну менен токтоп калбашыбыз керек, анткени аалам чоң. Ошондуктан мектеп окуучуларынан тарта түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүбүз зарыл",- деди муфтий.

Ал эми теолог Кадыр Маликов диний экстремизм менен күрөшүүдө муфтиятка жардам берүү керектигин айтып, биргеликте иштешүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: