super.kg logo

Баткен районунун Самаркандек айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

 

Баткен районунун Самаркандек айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы имарат 2 кабаттуу, анын сметалык баасы 37 миллион 100 миң сом. Капсула салуу аземине өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус жетекчиси өз сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин Баткен району боюнча жалпысынан 11 мектеп курулгандыгын, айылдардын социалдык-экономикалык абалы бир топ жакшырганын жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар бир багыт боюнча көйгөйлүү маселелерди комплекстүү чечүү колго алынганын белгиледи.

Ошондой эле ал Самаркандек айылынын аксакалдары менен жолугуп, жергиликтүү суу, чек ара маселелери боюнча талкуу болду. Разаков коюлган маселелер боюнча иш-аракеттерди көрүп, анын аткарылышын көзөмөлгө аларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: