super.kg logo

Балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды

 

Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-март күнү аталган инспекциянын жана Балык чарба департаментинин адистери биргелешкен рейд уюштурушкан. Анын жүрүшүндө саат 23:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн уруксаты жок балык кармаган жаран кармалган. Бул жаран Чолпон айыл өкмөтүнүн Оро-Башы айылынын 1991-жылы туулган Жаныбек Шайлообек уулу аттуу тургуну болуп чыккан. Ал мыйзамсыз түрдө 141 даана сига балыгын кармаган. Бул боюнча жеринде инспектор протокол түзүп, Шайлообек уулуна 142 410 сом айып салган. Кармалган адам Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.03.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура. Тор салгандарды токтотуш керек. Кайырмак менен кармасын
30.03.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бере турганын берип ооздорун жаба албай калганго байкуш броконер
30.03.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тор салганбы же ток салганбы? 140,000 сом акча табыш ой-ой-оойго))
30.03.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыкты ашканаларга откоруп бизнес кылып жургонго!
30.03.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кармаса кармаптыр курсагы ачкандыр бир балык менен эч ким эч нерсе болбойт тоова
30.03.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карапайым калкты эле кармап алышып штраф салышат. Чондорун жума сайын балык кармап кийик атып эс алышат. Эмнеге аларды кармаганга болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: