Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, Түп районунда бастырманын чатыры, 80 түк саман күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Түп районуна караштуу Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда аянты 45 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын чатыры, 10 түк чөп, 80 түк саман толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 12 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.