super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыз кыздары сүйлөшүп жүргөндө назик, уялчаак, чүрөк, ал эми үйлөнгөндөн кийин сенин апаң..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз айымдарынын өзгөчөлүгү эмнеде?" деген тема талкууга алынган. Темада кыргыз айымдарын мактагандар да, тескерисинче, сын таккандар да бар.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Башка улуттарга салыштырмалуу биздин айымдардын көп өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, биздин айымдар ат үстүндө эркин ойноп, мырзалар менен тең жарышат. Ошондой эле алар эр жүрөк, тайманбас, акылдуу экени, керек болсо жоого да чыгышканы тарыхта айтылып келет".

"Ак куудай сулуу, гүлдөй назик, эшектей иштемчил, иттей чыдамкай, түлкүдөй амалкөй, керек жерде карышкырдай жулунган, кыскасы, бардык жагынан бар".

"Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасаганга жөндөмдүү. Башка улуттардын көпчүлүгүндө жубайлары үйүндө эле отурушат".

"Эркектер башка элдердей болуп кыздарын, аялдарын катуу кармабай, аларды сыйлай берип, "кыздын кырк чачы улуу" дей берип көп жаман нерселерге жеттик. Көп байкайм, башка улуттагы айым менен баш кошкон кыргыз эркектери жакшы, тың жана тынч жашайт, аялынын туугандары да башты оорутпайт, көбүрөөк да жашайт".

"Кыргыз кыздары көп сүйлөгөнү эле болбосо, калганынын баары жакшы. Жаңы кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө аз сүйлөп, уялып, өзүн назик көргөзүп, дегеле телефон чалсаң албай, жөн эле чүрөк. Оо, үйлөнгөндөн кийин көр! Бир күндө жүз жолу чалып, анда дагы аз эле сүйлөбөй балээнин баарын айтып, баягы уялып, аз сүйлөгөн бийкеч жок, сага апа болуп алат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
30.03.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыргыз кыздары мындай, кыргыз эркектери мындай деп арызданган адатыбызды качан таштайбыз. Ал адамдын өзүнөн, алган таалим-тарбиясынан. 2-3 нү көрүп алып эле, баарын ошондой ойлой берген адамдарга кыжыр гана келет да.
30.03.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
дуйнону эркек башкарат эркекти аял башкарат деген чынбы?
30.03.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nurik2103,
Эркектер боштука алдырып койсо, бир күнү эркекти эмес, дүйнөнү дагы башкарып алышы толук мүмкүн. Эркектин өзүнөн ал.
eldar. түзөттү 2016-03-30 15:20:31
30.03.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлошуп жургондо назик эле чоюлуп суйлобойт анан уйлонгондон кийин апан деген бул кече жакында болгон иш эмес,ооо илгери ата-бабан чылбырды алдырган дегени да.анан бул жаратылыштын мыйзамы....
30.03.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыз кезинде баары жакшы дей беле?
Андай создор кайдан чыкты, эмнеге?
Акылымдын жетишинчи ушуну.
Бел байладым тушундуруп бермеке.

Жаман катын кайдан чыгат ким билет?
Эгер кыздар башта келсе гилбиреп.
Тийип алса тилдуу болуп кетет дейт.
Мен ушуга кошулбаймын, чийки кеп.

Эркек баштан сый корсотсо аялга.
Аял деле айланбайт да чаянга.
Бизде болсо кобунчосу тепкилеп.
Согуп турат, сый корсотмок каякта.

Коп эркектер бага
30.03.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коп эркектер бага албай булоону.
Арак ичип кочо таптап журобу?
А бу десен болушунча жамандап.
Жабыштырат аялына куноону.

Эр болгон сон уй-було бак биринчи.
Айланага таза кылып дилинди.
Аялына сылык болсон канчалык.
Ал да сени сыйлап алат, кийинчи!

Анаконда деп айткандар аялын.
Аялдарга которбосун таягын.
Сени менен бир омурго бир болчу.
Асыл затты аярлагын! Аягын!
Е.Т.И
30.03.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыргыз кыздарынан керек болсо тукум уланып,кыргыз деген калкым бар болуп жатат.Кечээ бугун эле апа болуп калган жокго.Аялын карап эркеги кандай экенин билсе болот.Аял тонун жамынып жургон эркектерда аз эмес,ошол себептен аял киши уйдода сыртада иш кылып журот.Эркегин он болсо Ким эле колокодо отурганды жакшы корбосун.
30.03.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен башка улут м.н журдун деп кыздарды ур тепкиге алып дуйно жузуно видеого тартып чыгарганда дагы кыздарга чала дегем,бирок эми мындай создорду суйлоп аялдай арызданган эркектикке жатпайт ,кыргыз кыздары жакпаса алып алгыла башка улуттан коробуз башка улуттан алып эле коп жашап оркундоп осконунорду
30.03.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял Адам уй булоосун багып жаткандар АПА эмей эмине анан...АПА кылган ошол эркектин озу да,кыбырып тиричилик кылалбаган.Бактылуу болойлу Апа-Ата болсок да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: