Ысык-Көл. Каракол шаарында "Манастын урпактары - дени сак улут" аттуу спорттук иш-чара өтөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 25-марттан 30-мартка чейин "Манастын урпактары - дени сак улут" деген ураан астында мелдеш өтөт. Аталган шаардык мэриянын дене-тарбия спорт бөлүмүнүн кызматкери Өткүр Абышевдин айтымында, мелдеш спорттун 14 түрү боюнча шаардык стадиондо өтөт. Ага Каракол шаарындагы бардык орто мектептердин окуучулары катышып, жеңүүчүлөргө мэрия тараптан баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

