super.kg logo

Бишкекте эскирген кабелдерди алмаштыруу иштери жүрүүдө

 

Март айынан тарта “Түндүк электр” ишканасы борбордогу эскирген кабелдерди алмаштыруу иштерин алып барууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 2016-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде кабелдик чубалгыларды оңдоо кызматынын адистери тарабынан Бишкек шаарынын көйгөйлүү аймактарында 1 чакырымдан ашуун эски 6/10 киловольт кабель чубалгылары ток өткөрүмдүүлүгү жогору болгон жаңы кабелге алмаштырылды. Өткөрүмдүүлүгү 185 чарчы миллиметрди түзгөн жаңы кабель Шопоков жана Москва, Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө тартылган.

Учурда кабель тартуу иштери Ботаникалык бак - Горький, Турусбеков - Токтогул көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары - Чоң Чүй каналы тарапта жүргүзүлүүдө.

Бүгүн 2,6 чакырым узундуктагы жаңы кабель жогорку вольттогу “Молодогвардейская” көмөк чордонунан тарта Жаш Гвардия бульвары менен, андан соң К.Баялинов, Ж.Турусбеков, Урицк, Офицер, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен “Центральная-1” көмөк чордонуна чейин тартылат.

Мындагы өткөн кылымдын 80-жылдарында тартылган 35 киловольт кабель чубалгысы заманбап жүктөмгө туруштук бере албай калды: эски кабелдин өткөрүмдүүлүгү 150 чарчы миллиметрди түзөт. Эски кабелди күчөтүү үчүн анын жанына өткөрүмдүүлүгү 240 чарчы миллиметр болгон саймаланган полиэтиленден түзүлгөн 35 киловольт кабель тартылат.

Айта кетсек, борбордо 928 чакырым жер астындагы 6/10-35 киловольт кабелдери тартылган, анын 40 пайызы алмаштырууга муктаж. 2012-2016-жылдары аралыгында “Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарындагы 150 чакырым кабель чубалгыларын реконструкциялады. 2016-жылы аталган мекеме өз каржы эсебинен 30 чакырым 6/10-35 киловольт кабель тармактарын реконструкциялоону мерчемдөөдө. Бул максатка 30 миллион сомго жакын каржы каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: