super.kg logo

Баткен облусундагы "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар (фото)

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган электр чордону маанилүү объектилердин катарына киргендиктен, күнү-түнү кайтарылып, электр чордонунун ишин атайын адистер тескөөсү шартталат.

Бул нормалар ишкана тарабынан сакталган эмес. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын адистери бир нече ирет ишкананын жетекчилигине эскертүүлөрдү берип келгенине карабай талаптар аткарылбаганы бүгүнкү текшерүүдө да анык болду. Кароолчулар жана атайын адистер жок болуп чыкты. Ал эми электр чордонуна кире берчү эшиги да кулпуланбай, ачык бойдон турат.

Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын инспектору Кулмамат Масалиевдин айтымында, аталган электр чордонунан 20дан ашуун шахта ток менен камсыздалат. Кокус ток берүү үзгүлтүккө учураса, шахталарда иштеген жүздөгөн адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Бул маселе боюнча бир нече эскертүүлөр берилген, бирок "Сүлүктү" көмүр ишканасында ай сайын директорлор алмашып жатат. Өз кезегинде Мамлекеттик экотехинспекция койгон талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн инспектор баса белгилейт”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: