Ош. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сүрөттөрү, кийизден, кагаздан жасаган кооз буюмдары көргөзмөгө коюлду







Бүгүн, 30-мартта Ош шаарында окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Анда жатак-мектептин окуучулары ар кандай сүрөттөрдү, кийизден, кездемеден, кагаздан жасаган кооз буюмдарын көргөзмөгө коюшту.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, буга катар окуучулар келген конокторго ыр-бийлерди тартуу кылышты.
Окуучуларды окутуп-үйрөтүү “Благодать” кайрымдуулук фонду тарабынан 5 айдан бери “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөндөмүн арттыруу” долбоору аркылуу ишке ашууда. Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, Ош шаардык мэриясынан жана тиешелүү тармактардан өкүлдөр катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!