СУПЕРСТАН: "Күйөөсү жок келиндер менен жыныстык катнашка барса сооп болобу?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сооп болот деген канчалык чын?" деген тема талкууланууда. Автор: "Көп жерден угуп же окуп калам, ажырашкан же күйөөсү эрте өтүп кеткен келиндер менен жыныстык катнашка барып койсо сооп болот дегенге кандай карайсыңар?"- дейт.
Темага жазылган пикирлер мындай:
"Сооп болот. Негизгиси, боюна бүтүрбөй ыраазы кылып койсун".
"Никесиз жыныстык мамиленин эч кандай сообу жок, зынанын да сообу болчу беле?"
"Бирөөнүн айтканы эске түшүп кетти: "Ошондой күйөөсү каза болгон же ажырашып кеткен келиндерге никесиз кошулуусун сооп дештен мурун сен апаңды же эжеңди ордуна коюп көр. Эгер атаң кайтыш болуп кетсе, апаң жашаган үйгө "сооп алгысы келгендер келе бергиле" деп жазып илип кой" деген эле. Анын сыңары сооп болот деген, албетте, бул өзүн өзү алдоо".
"Үйлөнүп ак нике менен алса сооп болот, ошондо да биринчи аялынын макулдугу менен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Кээ бир келесоолор сооп болот деп барып журушпосун
а бизге окшогон 1 чисин зоорго багат бирок биягына кудага шугур деп жашайбыз
.негизги оюн постель болсо;- 4 тарабын кыбыла! !!!Зынаа жолу менен Сооп эч качан болбойт! !!!
Ошол келинге ушунчалык сооп кылгын келип атса ылайыктуу бой жургон эркек менен тааныштырып баш кошуусуна себеп болуп кой, мына ошол эн чон сооп!
bul talkuu emes, jogorkulardai ele je bikir jazdym dep tvshvnom, yrakmat!