Бишкек шаарында жаңы милиция бөлүмчөлөрү ачылды
Бишкек шаарында бир нече аймактык милиция бөлүмчөлөрү ачылды. Алар шаардын жогорку жана төмөнкү Арча-Бешик аймагында, жумушчулар шаарчасында жана Пишпек аймагында жайгашкан. 26-мартта аталган бөлүмдөрдүн ачылышына Бишкек шаардык ИИББнин жетекчиси Мелис Турганбаев, мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Саат 9:00дөн 22:00гө чейин иштөөчү бул бөлүмчөлөрдүн ачылышы милициянын элге жакын болуусуна шарт түзө тургандыктарын айтышты катышуучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

