super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Үй-бүлө курууда жогорку билимдин мааниси зор..."

 

Ата-энелер уул үйлөнтүп же кыз узатарда "жакшы жер экен, жакшы кыз, жакшы бала, билимдүү экен" деген кептер айтылат. Жогорку билимдин үй-бүлө курууга тийгизчү таасири канчалык? SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлө куруу үчүн дипломдун зарылчылыгы барбы?" деген тема талкууланууда. Пикирлер мындай:

"Билимдүү адамдын интеллектуалдык деңгээли жогору, дүйнө таануусу кенен болот. Билим диплом менен эле чектелбейт. Дипломду сатып албай, билимди тереңдетип окуш керек. Ошондуктан үй-бүлө курууда билимдин зарылчылыгы бар".

"Диплом бакытты чечпейт, бирок окуган адам менен окубаган адамдын айырмасы чоң, түшүнүгү, ой жүгүртүүсү, жашоого көз карашы, өзүн алып жүрүүсү, туура сүйлөө, айта берсең көп эле. Ошол үчүн тең теңи менен эле болгону жакшы".

"Окуп диплом алгандардын көпчүлүгүнүн окубагандардан айырмасы деле жок го. Көпчүлүгү окубай туруп эле өтө сабаттуу болушат, анча-мынча окугандардан алда канча кругозору бийик турат. Негизи, адамдагы прогресс окуган-окубаганга эмес, изденүүсүнө карап ачылат".

"Үй-бүлөдө дипломдун мааниси жок".

"Албетте, кереги бар. Жигит кызына "окубай эле кой, өзүм багам" деп үйлөндү, кийин кокустук болуп экөө ажырашса, кыз окуудан жок же күйөөдөн жок ортодо калат".

"Кандай болгон күндө да башка бирөөнү карап отурбай, өзүң сүйгөн кесипте иштеп кем-карчыңды толуктап, андан да кайын журтуңа сен эмес, алар сага жагынып турганы жакшы эмеспи. Баланы чоңойтуп коюп үйдө эле отурбайсың да, иштешиң керек, мына ошондо диплом жардамга келет. Азыркы замандын талабы ушул".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
31.03.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушка жогорку билимдин албетте пайдасы тийет. Бирок кыз балага кайындарынын колдоосу ото зарыл. Бироонун кызын алып кемчилик издеген "кемчонтой" кайненелер аман эле болушсун да...
31.03.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билимдуу болсон, барктуу да болосун.
31.03.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп китеп окуган адам билимдуу,кругозору кенири болот.Адамды китеп тарбиялайт
31.03.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорку билимин бар болсо,албетте бир тепкичке жогору турасын. Сага болгон коз караштар башкача болот.
31.03.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы менин куйоомду уйумдогулор окубаган уйдо отуруп оокат кылчу кыз ал дешкен экен.А бирок ал тескериче жолдошум мени кочодон бир коруп эле ала качты,мен барганда айттым мен жаны 1 курсмун десем уйумдогулор эстери ооду.Бирок баласы болбой албасам болбойт деп туруп Алды.Мен конбогогумо карабай отургузушту.Бирок мен окуумду тырышып буттум.Кыскасы алар билим жонундо тушунугу жок адамдар эле,аягы ажырашууга келип такалды.Жолдошумду болсо 5 кл кайненем окуудан Ким жыргайт деп чыгарып алган имиш.
31.03.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билимдуулуктун пайдасы уй булоо курууда эн чон роль ойнойт десем болот.Анткени,бала тарбиялаганда,коом менен байланышканда,дегеле Адам менен тил табышканда окуган Адам бары Бир билимдуу,интелигент болуп,окубаган шеригинин жанында алда канча жогору Боло алат.Иштебесе да озунун кичинекей "Мамлекетинде"тарбиялуу момолорду берет десек да болчудай.
01.04.2016. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын дили, ниети таза болбосо он беш жогорку окуу жайды бутсо да эч нерсе озгорбойт.
01.04.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жубайлардын экоосундо да туруктуу иши болсо бул жакшы нерсе.ошол учун баш кошордон алдын дипломуна билимине конул бурат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: