super.kg logo

"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева сулуулар сынагын уюштуруп, өлкө сулуулары аныкталды (фоторепортаж)

 
“Кичинекей сулуу-2016” наамын алган Алтынай Жанатова
“Кичинекей мырза-2016” наамын Мигиель Аманов алды

Борбор калаадагы Улуттук филармонияда кечээ, 30-мартта "Супер-Инфо" гезитинин “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева “Кичи мырза-2016”, “Кичи сулуу-2016” категориялары боюнча жана “Аалам сулуусу Кыргызстан-2016” сынагын уюштурду. Кичинекей балдар-кыздар арасында сулуулук сынагына 20 катышуучу чыгып, өздөрүн эл алдында көрсөтүштү. Ал эми чоңдор арасында 27 бийкеч өзүн тааныштырып, сахнада басып, бирге бийлеп жана кече жана улуттук кийим менен чыгып калыстар тобунан тиешелүү бааларды алышты. Калыстар тобунун курамына кыргыз шоу-бизнесинин белгилүү ырчылары, дизайнерлери, визажисттери жана иш-чаранын өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү киришти.

Сынактын жыйынтыгы менен “Кичи мырза-2016” наамын Мигиель Аманов алды.

5 жаштан 8 жашка чейинки курактагы сулуулар арасында “Кичи сулуу-2016” наамында жеңүүчү Алтынай Жанатова болду. Ал эми 9 жаштан 14 жашка чейинки курактагы кыздар арасында Кира Жалалдинова аталган наамды багындырды.

Селкилер арасында 4 номинация боюнча таажы кийгизилди. “Кыргызстан фотомодели-2016” наамын Нуризат Алтынбекова, “Кыргызстан топ модели-2016” наамын Зоя Лаптева, “Аалам ханышасы Кыргызстан-2016” наамын Нурсулуу Карыбекова жана “Кыргызстандын 7 дубанынын сулуусу-2016” наамын Сайкал Сураппаева алды.

Таажы кийген сулуулар быйыл Кытай, Вьетнам жана Түркияда май, сентябрь жана октябрь айларында өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынактарына катышат.

Кошумчалай кетсек, сынактын уюштуруучусу Орункүл Шабралиева 2013-жылы “Супер-Инфо” гезити уюштурган “Супер сулуу-2013” сынагында жеңүүчү аталган. Бул сынак 2 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан уюштурулуп жатканын билдиребиз. Кыштын ызгаардуу күндөрүндө экзотикалуу Бали аралына барып эстен кеткис күндөрдү өткөрүүнү каалаган сулуулар үчүн эшик ачык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
31.03.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
туура эмес болуп калды! себеби, сулуулар баары турушканда, жюри чечим чыгарганы кеткенде 1чи жана 2чи орунду алган кыздарды за кулисами чакырып кетишип копто келишти, жана башкалардын апалары коруучу болуп отурганда алардын апалары да за кулисами журушту.
31.03.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мигиель аты башкача го, деги кыргызбы
31.03.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей балдар менен кыздарга убара болбой эле койбоптурда уюштуруучу. Бала бакчада же мектепте мин ирет кайталап уйротосун жанында туруп алып бийлеп ырдап жатып анан филормонияда не болду десен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: