super.kg logo

Бишкек мэриясы "Ош базарындагы" баш аламан соода жүргүзүүнү токтотуу үчүн атайын тапшырмаларды берди

 

Бишкек мэриясы 31-мартта "Ош базарында" баш аламан соода жүргүзүүнү жоюу максатында рейд жүргүздү. Вице-мэр Замирбек Малабеков, Ленин районунун акими Аскар Мирлан уулу баштаган топто Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери болушту.

Мэриядан кабарлашкандай, жыйынтыгында вице-мэр Ленин районунун акимине ар бир соодагердин укугун коргоо, чарбалык субъект ээлеринин өздүгүн аныктап, тиешелүү документтерин текшерип чыгуу боюнча тапшырма берди.

Вице-мэр бул үчүн базардагы орун алып иштеткен, салык төлөгөн, ошол эле учурда баш аламан соода жүргүзгөндөрдүн айынан чыгымга учурап жаткан активисттерди жардамга чакырууну сунуштады. Ошондой эле шаардык милиция да бул жаатта көбүрөөк жумуш аткаруусу керек экени белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.03.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-2 жума рейд жургузуп койгон да аздык кылат. Дагы айта кетчу нерсе жазаны кучотуш керек. Бирок жумуш ордун тузуп бергиле башка жактан. Анан да мындай мыйзамсыз соода жургузгондор Орто-Сай базарынын жер-жемиш саткан проходунда бар тиешелуу жерге жетип калса жакшы болмок.
barsbegKG түзөттү 2016-03-31 12:38:55
31.03.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура жасап жатат! Бишкек шаарындагы бардык базарларды текшерип тартипти кучойтуу керек. Бирок жанагы баш аламан соодагерлер карапайым кунумдук деп жашаган биздин элибиз! Алар да уй-було багыш керек. Адилеттуулук болуш учун аларга да атайын шарттар каралып, базарлардагы, айрыкча Ош базарындагы милиция кызматкерлериндеги коррупцияны жоготуу зарыл.
31.03.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылышат тартипке деле ушул Ош базарын эч ким келтире албай койду го.Негизи Ош базарын такыр эле шаардын четине чыгарып салуу керек эле.Базардын оордуна заманбап соода борборлорун салып шаардын кебетесин ондосо элге да, шаар мэринин озуно деле сыймык болбойбу.Астана,Ашхабад,Ташкент,Бакуну кара.Озгону кой Душанбе эле Бишкектен канча жогору болуп кетти корку
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: