super.kg logo

Бишкекте “Бир оор жолдун үч ашуусу” аттуу өлкөдө болгон революциялар жөнүндө талкуу өтүүдө

 

Бүгүн, 31-мартта Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте “Бир оор жолдун үч ашуусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Ага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, студенттер жана башкалар катышууда. Иш-чаранын уюштуруучусу, тарых илимдеринин доктору, “Мурас” фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, жыйындын максаты - 2002-жылдын Аксы окуяларын, 2005-жылдын 24-Март - “Жоогазын революциясы”, 2010-жылдын 7-Апрель революциясын бириктирген себептердин маңызын талкулоо.

1990-жылы кыргыз өлкөсү демократияга карай жол ачкан, бирок 1994-жылдан тартып мурдагы президент Аскар Акаев өзүнүн авторитардык режимин чыңдап, демократия жолунан кыргыз коомчулугун тайдырган. Ошол 2002-жылы Март окуяларында жалаң гана чек ара маселелери же Азимбек Бекназаровдун камалуу маселеси козголгон жок. “Авторитардык башкаруу нугунан баш тарткын!” деген талап болгон. Аны ошол учурдагы бийлик түшүнбөй койгондон кийин, ого бетер өзүнүн "чөнтөк парламентин" түзүү үчүн парламенттик шайлоолордо орой бурмалоолорду жүзөгө ашыргандан кийин эл көтөрүлүшкө чыккан. Ошондо чуусуз эле, реформа менен демократияга карай багыт алсак болмок, бирок авторитардык систем буга жеткирген жок.

Ал эми 2007-жылдан кийин Бакиевдин өзү, биринчи Элдик революциянын лидери деген киши кайрадан авторитардык системди алып келип жатпайбы. Мына ошон үчүн 2010-жылы тарыхтан сабак албаган ал президентти дагы элдик толкун бийликтен ажыратты”,- деди тарыхчы жыйындын жүрүшүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: