super.kg logo

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлдү

 

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин кылмыш ишин иликтөө аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.И., башкы эсепчиси К.И. жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин иликтөө аяктап, иш Нарын шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, аталган райондук билим берүү бөлүмү тарабынан тендердик комиссия түзүү боюнча буйрук чыгарылган. Анын негизинде аталган кызмат адамдары тарабынан комиссиянын төрагасы жана бир мүчөсүнүн катышы жок эле тендерди өткөрүп жиберишкени маалым болгон. Алар жеке ишкер К.Т. менен келишим түзүп, ал 910 миң сомго бааланган товар менен камсыз кылмай болгон. Бирок тендердин жүрүшүндө жеке ишкер 714 435 сомго бааланган товар менен гана камсыз кылганы аныкталган. Бул иш боюнча тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү маалында аталган кызматтын башчысы текшерген кызматкерлерге 50 миң сом пара сунуштаган фактылар да кездешкен. Кызмат башчы С.И. пара берип жаткан маалда кармалып, аталган фактылар боюча бир катар беренелер менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: