super.kg logo
  Спорт  

Тогуз коргоол боюнча өлкө чемпиондугунда Ош шаарынын курамасы командалык эсепте 1-орунду ээледи

 
Ош шаарынын уландардан түзүлгөн курамасы
Бишкек шаарынын кыз-келиндер курамасы
Анарбек Жамакеев

1-апрелде Талас шаарында тогуз коргоол боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. 1 патка созулган биринчиликте 8 комплект медаль ойнотулду.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан кабарлашкандай, анда командалык эсепте уландар арасында Ош шаарынын курамасы жеңүүчү аталды. 2-орунду Талас облусунун курамасы ээлесе, 3-орунду Бишкектин командасы алды.

Ал эми кыз-келиндер арасында алдынкы үчтүккө Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун жана Чүй облусунун командалары кирди.

Өткөрүлгөн тартиптерге токтолсок, анда стандарт, рапид жана блиц түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Уландар арасында стандарт түрүнөн Анарбек Жамакеев (Ош шаары), кыз-келиндер арасында Лязат Райымбекова (Бишкек) жеңүүчү аталышты.

Рапид түрүнөн Белек Мамбеталиев (Талас облусу) менен Аида Керимбекова (Бишкек) алтын медалдарды тагынса, блиц түрүнөн Камчыбек Касымов (Бишкек) менен Чолпон Кендирбаевага эч ким тең келе алган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.04.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Ош шаарынын спортчулары алга
01.04.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун эрежеси кандай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: