Апрель окуясында каза тапкандар "Эр жүрөк азаматтарга таазим!" көргөзмөсүндө эскерилет

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында "Эр жүрөк азаматтарга таазим!" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.
"7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан. Элге кызмат кылып, журтка жагымдуу, өлкөгө керектүү болуу, ишеничти актоо эбегейсиз бакыт, улуу дөөлөт экенин кийинки бийликке келгендер унутпашы керек. Эл башы болуу өтө оор жүк",- деп жазылат маалыматта.
Көргөзмө 2 бөлүктөн турат:
- "Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар!"
- "Биздин мекен - бир гана Кыргызстан"
Көргөзмөгө китептер, фотодокументтер, гезит-журналдык макалалар, эскерүүлөр коюлат. Анын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданияттын, илимдин, билимдин кызматкерлери, акындар, жазуучулар, коомчулук, студенттер, окуучулар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Баатыр болсоң барктаар мени элден де.
Ушак сүйлөп көргөн көздү алдабай,
Чын инсан бол жанын берген мекенге.
Коргонуңдун ичинде төш какпагын,
Коркок кийбейт баатыр кыргыз калпагын.
Ыңкылапта жанын кыйган азаматтар,
Билгин элим опозиция үчүн жатканын.
Баатыр болсоң чыккын чындап чекарага,
Намыс болсо,өз жериңди тебелетпей.
Ак үй эмес, чегиң үчүн жаның берип,
Баатыр бол, кылымдарга данкың өчпөй.
Убагында Исхак Раззаковду да ото шыбап жамандашкан эле, Тарых баардыгын оз ордуна койдуго. Бакиевдида дал ушундай кылып тарых оз ордуна коёт!