super.kg logo

Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар Даниэлдин апасы: "Баламды өлтүргөн аялдын өмүр бою эркинен ажыратылышын каалагам"

 

Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар Даниэлдин апасы Астра Макелеева баласын өлтүргөн аялдын 25 жыл эмес, өмүр бою эркинен ажыратылышын каалагандыгын 1-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

"Менин уулумду кыйнап өлтүргөн Майрам Акунованын өмүр бою эркинен ажыратылышын каалагам. Судья бүгүн аны 25 жылга эркинен ажыратты. Мен бул боюнча эч жакка кайрылбайм. Баламды жоготкондон бери эч нерсеге көңүлүм жок",- деди көз жашын төккөн Макелеева.

Бүгүн, 1-апрелде Биринчи Май райондук соту айыпталуучу Майрам Акунованы күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратып, "А.Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды.

Өкүм чыкканга чейин сот залында Акунова өзүнүн курсагын лезвие менен кескилеп салды.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
01.04.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
25жыл дегени омур бою, мунапыс эле берилип калбаса, туура кылат, ошол жактан жок болсун, бир жакшына наристенин омурун жок кылган!
01.04.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкаачы акча нени кана кылбайт
01.04.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
25жылда озуда барар жерине барып калат .Омур бою камалса да эч нерсе озгорбойт баланын ордун эч нерсе басалбайт,кудай жазасын берет анын.Баласын жоготкон ар бир эне эле ушинтсе керек эле сабыр берсин калган омурун берки балдарына берсин эми.
01.04.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аялдарга омур бою жок болуш керек,25 жылделе омур бою деген
01.04.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Моралдык зыян учун ондурулсун деген 500000 сом кайсы жол менен ондурулот? Озу 25 жыл абакта жатса?
02.04.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
windom,мулкун конфискация кылотбайвы ошону сатыкка коюп тушкон акчасын берсе керек
02.04.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
World0001,мүлкү болсобу,өзү аркайсф жерде жүрсө.
02.04.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо учкан куштай бул кыска жашоодо жакшынакай ак эмгек менен акча таап жеген кандай жакшы неге адамдар акчанын айынан башка адамдын таттуу жашоону бузат эчтушунбойм ушундай адамдарга
Mercedes.Benz7777 түзөттү 2016-04-02 00:27:11
02.04.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адилеттуу чечим чыгарыптыр,турмодо чирип олсо экен!!баланын энесине кайрат кылыныз деймин периштенин жайы бейиште болот!сабыр кылыныз....
02.04.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындайларды адам деп атоого болбойт
02.04.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
500 миң каяктан өнмөк эле,өзү түрмөдө отурса үй жайы жок болсо.
02.04.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
25 жыл болгону менен ар бир куну 2 кун болуп эсептелинет деди го... ал ортодо мунапыска да илинет ... кантип колу барды экен..

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: