Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алды
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 02:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында орун алган. Анда Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Тойота Превиа унаасындагы Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алган. Белгилүү болгондой, Тойота Превианы башкарган айдоочу уктап кетип Мерседести сүзгөн. Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аман калганы жакшы болуптур.