Кыргыз-казак чек арасынан сууну кечип Казакстанга өтүүгө аракеттенген 5 кыргыз жараны кармалды
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү бекетин айланып, Чүй дарыясын кечип өтүүгө аракеттенген 5 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз түрдө Казакстанга өтүүгө аракеттенгендер Чүй облусундагы Арал аймагынан кармалган. Текшерүү иштеринин алкагында кармалгандардын ичинен экөө жашы жете электер, ал эми калган 3 жарандын паспорттору эски үлгүдө экени жана мөөнөтү бүткөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
uluk92kg

05.04.2016. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ирас болот убагында акчага сатылбаса азыр суу кечип колго тушпойт еле акмактар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.