super.kg logo

Борбор калаада "бычак такап коркутуп, ур-токмокко алуу менен тоногон" деген шек менен 16 жаштагы кыз кармалды

 

Борбор калаада "бычак такап коркутуп, ур-токмокко алуу менен тоногон" деген шек менен 16 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал "Ош базарынын" жанында жайгашкан кафеден чала тааныш кыз мойнуна бычак такап коркутуп, уруп, чачын жулуп, кийип жүргөн күрмөсүн жана жылуу кийимин тартып алганын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Талас облусунун 16 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
04.04.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
16 жаштагыыыыы
04.04.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мына сага кыргызымдын эр журок баатыр кыздары ))
04.04.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаа...
04.04.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жок десе.ата энеси чонойтуп койсо рахматы ушулбу.онорун оркундой берсин.соз жок.супер ушундайлардын аты жонун толук жазсанар болмок.
04.04.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muras111211, саламатсызбы!
Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү толук жазылбайт.
04.04.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорулуу эмес бекен... Текшертип көрүш керек экен .
05.04.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбия корбогон кыз го сыягы, ата-энеси Россияда иштеп журот окшойт тарбия бере албай, ушул кызыбызды окутуп чокуталы деп.
05.04.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесине асылганга эле кыйынбыз. "Кыз тууйсун кыялын кошо туубайсын"деген соз бар го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: