Мекендешибиз Анастасия Лимарева "Кытай добушу" ыр сынагынын тандоо турунан өттү

Кытайда окуган мекендешибиз Анастасия Лимарева "Кытай добушу" шоусунун тандоо турунан өткөнүн интернеттеги жеке баракчасына жазып чыкты. Учурда ал Кытайдагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат.
"Сынак соңуна чыкты. Мен биринчи! Чынын айтсам, абдан толкундандым, бактылуумун!"- дейт ырчы.
Калыстар Анастасиянын үнүн уккан соң жакшы пикирин айтып, кийинки баскычка өткөрүшкөн.
"Кытай добушу" музыкалык шоусу голландиялыктар ойлоп тапкан "The Voice" форматында өткөрүлүп, Кытайда аз убакыттын ичинде күйөрмандарды топтой алган. Программаны тартуу иштери 2015-жылдын декабрь айында Чжэцзян провинциясында башталган.
өздүк баракчасынан алынды
Мекендешибиз Анастасия Лимарева Кытайдагы "Добуш" сынагынын тандоо турунан өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.