super.kg logo

Ысык-Көл. Диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы ой бөлүшүүнү максат кылган форум болуп өттү

 

2-апрелде Каракол шаарында "Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок!" деген ураан менен форум болуп өттү. Иш-чараны Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү балдарга карата ырайымсыз мамиле, диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы ой бөлүшүп, түшүндүрүү максатында уюштурган.

Иш-чарага ички иштер министри Мелис Турганбаев жана окуучулар, жергиликтүү тургундар катышты. Ал өз сөзүндө 2015-жылы Ысык-Көл облусунда жихадга кеткенге аракет кылгандардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин айтты. Ошондой эле 2015-жылы бул жатта 10 факт катталып, Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери Сирияга кеткен 39 адамдын өздүгүн аныкташкан.

Министр форумга катышкан жаш балдарды кылмыштуулуктан алыс болуп, тартипти сактоого, экстремисттик топторго азгырылбоого чакырды. Ошондой эле жол коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн Ысык-Көл облусунда Жол-патрулдук милиция кызматы иштей баштаганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: