super.kg logo

"Ала-Букада таштанды иретсиз ташталып, элге оору жугуу коркунучу жогорулап жатат" деп билдирет мамлекеттик инспекция

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан таштанды таштоочу жай мыйзам бузуулар менен иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таштанды жайында экологиялык нормалар сакталган эмес. Жугуштуу оорулардын жугуу коркунучу да жогору. Таштанды жайы дөң жерде жайгашкандыктан, жаан жааганда таштандылар кошо калктуу конуш тарапка агат. Полигондун айланасы да курчоого алынган эмес. Катуу шамал жүргөндө таштанды жайындагы калдыктар жакын жайгашкан айылдарга жайылып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратып келет.

Экологиялык талаптарга ылайык, таштанды жайлары 1000 метр алыстыкта болуусу шарт. Бирок Ала-Буканын таштанды жайы жакын жердеги турак үйлөрдөн 200 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан. Мамэкотехинспекциянын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын адиси Дооронбек Жумакариевдин айтымында, буга чейин таштанды жайы болгон эмес. Жарандар ушул аймакка төгүп жатып төмөндөгү аймакты таштанды жайга айландырып алышкан. Бүгүнкү күндө таштанды жайга Ала-Бука районунан сырткары ондогон айылдардын таштандылары ушул аймакка төгүлүп жатат. Жергиликтүү бийлик органдарына таштанды жайындагы экологиялык терс кесепеттерди жоюу боюнча эскертмелер берилген. Бирок талаптар аткарылбай жатат. Жакынкы күндөрү таштанды жайын иретке келтирип, экологиялык нормалар камыздандырылбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.04.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ. Алабуканын Кок Таш айылдык аймагындагы озбек туугандар менен болуп жаткан чатакты тактап жазып чыгуунуздарды суранат элем. Ал жакта телефон байланышы начар болгондуктан озбек туугандардын копчулук озум билемдиктери коомчулука жетпей жатат.Жергиликтуу тургундардын айтымында озбекстан кыргыздардын 70тутун уйу жайгашкан аймакты талашып жатат.
05.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erka_kg, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Сунушуңузга рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: