Акыркы 10 жылда кыргыз өлкөсүндө Нурбек, Нурлан, Айбек, Руслан сыяктуу ысымдар эң көп коюлган



Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз өлкөсүндөгү жарандар арасында кеӊири тараган ысымдар жана фамилиялар тууралуу маалымат берди. Тизме 2005-жылдан 2016-жылга чейинки паспорттогу маалымат базаларына ылайык түзүлгөн.
Ага ылайык, кыргыз жеринде эркектерге таандык эӊ популярдуу ысымдар: Азамат, Александр, Нурбек, Нурлан, Айбек, Руслан, Сергей, Кубанычбек, Владимир, Мирлан. Кыздардын популярдуу ысымдары: Айнура, Наргиза, Татьяна, Динара, Аида, Наталья, Назира, Елена, Мээрим жана Асел.
10 эӊ популярдуу аял, эркектердин фамилиясына Исмаилов, Абдуллаев, Акматов жана башкалар кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Бирок бир жагынан сенин ысымына окшош ысымдар аз болсо дагы жакшы.
Бүт эле мусулмандардыкы экен :)
Исмаил - пайгамбар;
Абдулла - "Алланын кулу";
Ахмад - Мухаммад пайгамбардын башкача аты;
Кадыр - Аллахтын бир ысымы. "Бардык нерсеге жөндөмдүү" дегенди түшүндүрөт;
Сулайман - пайгамбар;
Осмон - сахаба, 3-халиф;
Исак - пайгамбар;
Али - сахаба, 4-халиф;
Карим - Аллахтын ысымы; "Берешен", "Жоомарт" дегенди түшүндүрөт;
Султан - жөн эле султан;