super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошова адатынча ЖКда микрофон талашып ызы-чуу салды

 

Бүгүн, 27-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Жылдыз Жолдошева адатынча микрофон талашып ызы-чуу салды. Ага берилген убакыт түгөнүп, кошумча убакыт беришин сурады эле, төрага кезекте башка дагы депутаттар бар экенин айтып, анын сунушун орундаткан жок. Ортодо депутат айым төраганын дарегине орунсуз сындарды айтууга жетишти.  Айта кетсек, жыйында жер тилкелерине тийиштүү мыйзам долбоору каралып жаткан. Долбоор баш калаадагы басып алынган жерлерди мыйзамдаштырууга багытталган. Долбоордун маңызын жакшы түшүнбөй калган Жолдошова мыйзамсыз жер тилкелерине ээ болгон жарандардын жерин тартып алуу менен өкмөткө элдин нааразычылыгы күчөй турганын айтты эле, депутат Эсенгул Исаков ага мындай жооп узатты: “Сиз элге туура эмес маалымат берип жатасыз, биринчи документ менен жакшылап таанышып чыгыңыз”.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: