super.kg logo

Бишкекте 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысын камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды

 

Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 5-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынган эле. Тергөө амалдары аягына чыга электигине байланыштуу аны камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG`ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.

"Тергөөчү 5-апрелге чейин тергөө амалдары аяктайт деп билдирген, бирок тергөө аягына чыкпай калды. Ошол себепке байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту Н.Шериповду 5-майга чейин №1-СИЗОдо кармоо чечимин кабыл алды", - деди Бабаев.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү аталган УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.04.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Подстава болушу мумкун, жэ короалбастык
05.04.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345,болушу мумкун
05.04.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Шерипов жакшы адам эле
05.04.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берген да куноолу дечу беле. Чондор кээде элди урушуп каласынар. Озуно бересинер, бербегиле да деп. Берген дагы куноолуу болсо, эмне учун колунда иштегендерге акча алып кел деп алдап айтып туруп, алып келип берип аткан жеринен " Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында" кармап алышпайт????????
06.04.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Явно подстава! Мамлекетибиздеги бузулган чондордун айынан ушудай таза иштеген адамдар зыян тартып калып атат. Нурлан Шериповдун так иши ойдокулоруно жакпай калаган ошон учун атайы жасалган иш бул. Ак ийилет бирок сынбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: