super.kg logo

Жалал-Абад. Ойноп жаткан 5 жашар баланы темир-бетон тосмо басып калып, оор жаракаттардан улам ал каза болду

 
Каргашалуу окуя ушул жерде болгон.

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында ойноп жаткан 5 жашар баланы темир-бетон тосмо басып калып, оор жаракаттардан улам ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 2-апрелде саат 19:00 чамасында Шопоков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Анда 4 кабаттуу үйдүн артында ойноп жаткан балдардын бирин - 5 жашар эркек баланы темир-бетон тосмо басып калган. Окуяга күбө болгондор тез арада тосмону көтөрүп, баланы сууруп чыгып ооруканага жеткиришкен. Бирок бала башынан оор жаракат алып, өзүнө келбей жатып жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.

Баланын ата-энеси эч кандай арыз-доосу жок экенин билдирип, милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Жергиликтүү тургун билдиргендей, буга чейин жамгыр жаап, жер жумшарып калгандыктан улам эски тосмо кулаган болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.04.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
05.04.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 эмес 2 жашар.болчу
ainaz1996 түзөттү 2016-04-05 14:35:52
05.04.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор. Аран эле турган го озу деле. Эми аны биротоло алып салгыла, жанындагы бетондор деле аран карманып турат го. Баланын ата-энесине сабырдуулук берсин Кудайым.
05.04.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ааай,ата энестне сабыр бере кор
06.04.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор жаракаттан? Өлду и бутту((
baltabaev түзөттү 2016-04-06 00:02:40
06.04.2016. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур! Ал тосмо эмес тиги дом деле араан калыптыр кулайын деп! Кудайым аай Кыргызтаныбыз качаан онолуп осот экен!? Баланын жакындарына сабыр тилейбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: