super.kg logo

Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргананын жансыз денеси камыштардын арасынан табылды

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 7-марттан бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргананын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Абдукалил Карымшаков билдирди.

"Дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн кыз тууралуу сураштырганыбызда, аны акыркы жолу көргөндөр сууну көздөй баратканын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кыздын жансыз денеси саздагы камыштардын арасынан 31-мартта саат 17:30 чамасында табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, кыздын денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал сууга чөгүп каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин кыздын ата-энеси, туугандары эч кандай доо арызы жок экендигин билдиришти",- деди Карымшаков.

Эскерте кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Буга чейин кызды издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары 3 күн жүргүзүшкөн. Кийин кызды туугандары да издеп, бирок издөө иштери натыйжасыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
05.04.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман кабар экен. Берки кыздын да соогу табылса.
05.04.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии ,эмне болду экен? Тендик Чуйт-Сайбы ошондо? баарыбыз боодо кырсыктан оолак эле бололу...
05.04.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88,оа Тендик Чуйут Сайлык менин айылдашым ((( жаман болуптур ГЭСтен чыкты дешти элегоо... жаткан жери жайлуу болсун, Кудайым куноолорун кечирсин!!!
05.04.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Biroodon katuu kapa bolgongo je ui bulosundogu chyr chataktyn aiynan oshol kadamga barganda. Jatkan jeri jailuu bolsun!
05.04.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куру доомат бей ажал олумдон сактасын жараткан баарыбызды((
05.04.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ии байкуш кыз он гулунун бири ачыла электе эрте кете берген тура бул дуйнодон. Жаткан жери жайлуу болсун
05.04.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун,апасына кыйын болдуго байкуш
05.04.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азгырган го
05.04.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун жайын жаннаттан берсин
05.04.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii shordu kyz
05.04.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгону али табышмак. Байкуш кызга эмне болду экен.
05.04.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn2015,тайнесинен уруш угуп чыгып кеткен и оорруп калган экен деп атышат жаш неме барып озуну таштаптырда Нарын дарыясына (((
05.04.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын. мындайдан алыс бололу жакшы иш болбоптур. кантсе да жайы жаннаттан болсун дейбиз
06.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: