super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мектептеги жаман көргөн мугалимдеримди көрсөм да көрмөксөн болуп өтүп кетем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көрсө да көрмөксөн..." деген тема талкууланууда.

Теманын автору: "Кээде өзүбүз бирөөнү көрсөк да көрмөксөн болуп, телефон менен сүйлөшкөн киши болуп, тез-тез басып кетет эмеспизби. Эгер ошондой нерсени башка бирөө силерге кылса кандай абалда каласыңар? Эмнеге бирөөнү көрмөксөнгө салдыңар?"- деп суроо салган.

Буга колдонуучулар өздөрүнүн окуяларын кошо айтып жооп калтырышкан:

"Менде мындай учурлар көп эле болот. Жакпаган адамды учуратып калсаң же убакыттын тардыгынан көрмөксөн болосуң. Кээ бир адамдар өтө көп сүйлөшөт".

"Мен бирөөлөр келатса калп эле телефон чукуламыш болуп өтүп кетем. Анан жат компанияга барып калганда да телефон жардамга келет. Бирок сырттан караган адамга маданиятсыз көрүнөт".

"Кантип ушундай кыла аласыңар? Бул сыйга да, башкага да жатпайт. Бир жолу чала тааныш адамды көчөдөн көрүп калып, ал да мени көргөндөй болуп, учурашмакчы болуп даярданып бара жатсам башын жерге салып тетири бурулуп кеткен. Аябай таң калгам. Эмне кереги бар ушундайдын? Башыңды ийкеп кой, андан ары кете бер бара жаткан жагыңа".

"Мектептеги жаман көргөн мугалимдеримди көрсөм да көрмөксөн болуп өтүп кетем".

"Бересем бар адамды көрмөксөн болуп сыр бербей өтүп кетем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдык сапаты жоктор кылышы мункун
05.04.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тескерисинен, мен жаман көргөн, мени жаман көргөн мугалимдерим чыгып калса (мектептеги)алдыман мен аябай учурашып ден-соолугун сурап жылмайып учурашып кетем, ойлонуп калсын деп)))))))
ааа бекер убагында асылыптырмын деп!!!!
)))))))
elmira_kurmanalieva түзөттү 2016-04-05 18:36:11
07.04.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа менде да болгон ошондой учур и боло берет! Айрыкча мугалимди коргондо мектепиеги жаман коргон!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: