ЖЫЛНААМА, 5-АПРЕЛЬ: 11 жыл мурун ири кылмыш тууралуу ишти иликтеп жаткан милиция кызматкерин үйүнүн алдынан атып кетишкен
11 жыл мурун ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев Ош шаарында белгисиз кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Киллерлер түнкү саат үчтөр чамасында үйүнүн подъездине кирип бараткан Уран Алиевге жана айдоочусуна ок жаадырышкан. Алиевдин денесине 2, башына 4 ок тийип ошол жерден каза болсо, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Милициянын версиясы боюнча, Уран Алиев ири өлчөмдөгү баңгизат тууралуу маалымат алган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Уран Алиев иликтөө жүргүзүп жаткандыгын билип калышып, анын көзүн тазалашкан. Анын өлүмүнө айыпталып, "буйрутма берген" деп Азиз Качыбеков, "аткан" деп Бакытбек Сыдыков кармалып, күнөөнү моюндарына алышкан. Мындан башка да 4 катышуучу аныкталган (арасында "Равшан-прогиб" каймана аттуу Равшан Хакимов да болгон).
5-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Pandora

05.04.2016. 22:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучту(( бул жалган жашоода жана кыргызстанда чындык жок,же ал учун курошкон адам жок эгер курошсон олосун же темир тор артынп отосун.
Bars111

07.04.2016. 01:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уран Алиев кыйын опер кызматкер болгон. Азыр андайлар жокко эсе. ...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.