Бишкек. Жол чырак иштебеген жерди көрүп, качып кеткен патрулдук милициянын 3 кызматкери жумуштан алынды
Сүрөт патрулдук милицияны элге тааныштыруу малында тартылган. Сүрөттөгү кызматкерлердин окуяга тиешеси жок.

Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган. 1-апрелден тарта жаңы иштей баштаган патрулдук милициянын автоунаасы жол чырак иштебеген жерге келип, бирок жол кыймылын жөнгө салуунун ордуна кайра качып кеткени видеого тартылып калган. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышкан.
SUPER.KG порталына бүгүн, 5-апрелде ИИМден кабарлашкандай, өз ишин так аткарбаган, бул окуяга тиешеси бар патрулдук милициянын 3 кызматкери жумуштарынан алынды. Мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чыгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

. Бизде ушундайго сотто да сырттан чечим чыгарып коет камалды деп...