super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эл эмне дейт?" деп жашоомдо бир келген бактымдан баш тарттым..."

 

Кыргыз эли байыртан сөзгө маани берип, кошуна-колоңдун, тууган-уруктун арасында кадыр тутуп, элдин кебине калуудан сактанып көп нерселерге чектөө коюшкан. Анын турмуштагы пайдасы жана зыяны тууралуу SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл эмне дейт?" деп эмне кылдыңыз эле?" деген темада талкууланууда.

Темада автор: "Элдин сөзүнө калуудан коркуп, керек болсо жеке жашоосун ошого жараша пландагандар бар. "Эл эмне дейт?" деп чочулап кандай кадамга бардыңыз эле?"- деп суроо салган.

Буга колдонуучулар мындайча жооп жазышкан:

"Бул сөз да кандайдыр бир таасирин тийгизет. Мисалы, эжем Орусияга келип, жумуш оор болуп кыйналганда да ошо "эл эмне дейт, кетип кайра келди, мурдунун суусун агызып" дебесин деп көп кыйынчылыкты жеңип, азыр баары жакшы, Кудайга шүгүр".

"Элдин оозунда элек жок" дейт эмеспи, маани бербейм, себеби алар - эл. Жакшы жашасаң да, жаман жашасаң да сүйлөй беришет".

"Эл эмне дейт?" деген сөз көп адамды намыстантып, ийгиликтерине жол ачкан. Көп адамды уят, жаман иштерге баруудан баш тарттырган, канчалаган таланттарды жашырууга түрткү болгон, канчалаган адамдарды өзүнө жакпаган үй-бүлөдө жашоого мажбур кылган...".

"Эл эмне дейт?" деп атамдан көп угам. Бул кеп уяты бар, намыскөй адамдан чыгат. Мен бул сөз үчүн жогорку окуу жайга тапшыргам, жумуш таптым, бир туугандарым менен катышым бар".

"Эл эмне дейт?" деп жашоомдо бир келген бактымдан баш тарттым. Мындай адамга жолугамбы, жокпу, билбейм эми. Жүрөгүм абдан эзилип бүттү акыркы күндөрү...".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
06.04.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии кокуй, чыгара береткенсиңер да ...
06.04.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң, кийиксиң )))) Көп учурда баары бир эл менен эсептешүү керек го деп ойлойм...
06.04.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
DEDUWKANASAITE, сунуштар үчүн атайын тема бар! Билдирүүңүз өчүрүлдү! Эскертүү!
06.04.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мени кичинемде таенем тарбиялаган,азыр ойлосом эн сонун тарбия берген экен,таенемдин тушунугундо эрден чыккан олумго барабар эле,элге уят болосун дечу,эрге тийдинби ошонун созунон чыкпа,жообу жок бир нерсе сатып алба,тике карап суйлобо,кийимин,тошогун таза карма,оокатын убагында берсен сен утасын,баарына чыда дейт эле,бир макалы эч эсимден кетпейт,"Эрдин нанын жеш учун,темирден тиш керек" деген.Кудайга мин мертебе шугур баарына чыдадым,акырыыын женип баратам.
06.04.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DEDUWKANASAITE, эскертүүгө карабастан эреже бузганыңыз үчүн 15 күн БАН!
06.04.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элим "эл эмне дейт" деп, элге карап намысын, салт санаасын илгертеден сактап келен. Бир туугандар урушса, кой эл эмне дейт, элге уят деп ачуусун басып келген, баш кошкон жары м.н туболуко жашап келген ж.б.у.с. Аа азырчы бир туугандар бири бирин олтуруго чейин, ал эми ажырашкандар кобойду, жетим андан коп. Эмнеге? Намысы жок, мага бары бир, эл эмне десе ошо десин деген, озун современный сезгендердин айынанго деймин..
06.04.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Qwer007, кошулам, мен да ушуну айткым келген.Салтты унутуп, "азыр баары боло берет" деп калбадыкпы. Ошонун айынан "баары болуп жатат".
06.04.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эл эмне дейт деп жашаштын кереги жок. Ар бир инсан оз жолунда туз журсо болду.
06.04.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл эмне дейт деп жашаба..озун учун жаша.. Аллахка туз болсон болду.. жашоо бир келет..
06.04.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий эл эмне дейт)))
06.04.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл эмне дейт деп менда 8жыл мурун жакшы коргон адамымдан баш тарткам бирок азыр баары жакшы Кудайга шугур жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: