Борбор калаадагы кампалардын биринен 252 мүшөк жүгөрү уурдоого шектелген 2 жаран кармалды
Борбор калаада "кампалардын биринин эшигин талкалап кирип 252 мүшөк жүгөрү уурдаган" деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ысык-Ата районунун 42 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну кайрылган. Ал борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан эт комбинаттын кампасынын эшигин талкалап кирип, белгисиз адамдар 252 мүшөк жүгөрүнү уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 24 жаштагы Н.И. жана 29 жаштагы Н.Э. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.