super.kg logo
  Саясат  

Мекемелердин архивдердеги документтерди сактоо мөөнөттөрү кайрадан ыраатташтырылат

 

Жогорку Кеңеште 6-апрелде "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Ведомстволук нотариалдык архив Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болот. Ага ылайык, өз ишканасында, мекемесинде жана уюмунда документтерди белгилүү мөөнөткө сактаган мамлекеттик ишкананын, мекеменин жана уюмдун же алардын структуралык бөлүмдөрүнүн архиви ведомстволук архив катары түшүнүлөт.

"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине ылайык, ведомстволук архивдерде документтерди сактоонун чектүү мөөнөттөрү белгиленет. Нотариалдык аракеттердин жазуулары үчүн 75 жылдык мөөнөт көрсөтүлгөн.

Сунушталган мыйзам долбоору менен 19-берене жана 32-беренеге мамлекеттик нотариалдык архивдин түзүлүшү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "мамлекеттик нотариалдык архив" деген сөздөрдү тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдө "ведомстволук нотариалдык архив" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: