Президент "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 6-апрелде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн бирдей тартибин белгилөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

