super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 6-АПРЕЛЬ: 6 жыл мурун Талас жана Нарын облустарында эл толкуп, оппозициянын өкүлдөрү камакка алынган

 

Мындан туура 6 жыл мурун, 2010-жылы 6-апрелде жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган Талас жана Нарын облустарынын эли митингге чыккан. Бул өлкөдө ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге болгон нааразычылыктарды күчөткөн.

6-апрель күнү эртең менен Таласта милиция кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду "мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды" деген негизде камакка алышкан. Түшкө маал 3 миңге жакын адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарган. Ошол эле мезгилде Нарында аксакалдар чогулушуп, губернатор Алмазбек Акматалиевди “эл тарапка өт” деп үндөй башташкан. Саат 16:10дордо Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөп, Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырган. Ошол эле күнү кечинде Таласка 5 учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилип, ошол учурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айткан.

Кечинде Таласта Болот Шерниязовду Улуттук коопсуздук кызматынын адамдары кайрадан кармап кетишкен. Ал эми Ош шаарында милиция кызматкерлери оппозициячы Дүйшөнкул Чотоновду кармап кетишкени маалым болуп, Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күч органдары үйүнөн кармап кетишкени тууралуу кабар тарап, Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалган. Түндө жаалданган эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алып, күч органдары Талас ИИБинин имаратына жашынышкан. Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков, Ошто Анвар Артыков камакка алынган.
6-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: