super.kg logo

Бишкекте карылар бий флешмобуна катышып, "Кара жорго" бийин катыра бийлешти (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата "Карылар
иш-аракетке чакырат" аттуу акция болуп өттү. Быйылкы Ден соолук күнүнүн темасы "Кант диабети" болгон. Анын алкагында уюштуруучулар тарабынан атайын көнүгүүлөр жасалып, белгилүү хит чыгармалардын коштоосунда бий флешмобу уюштурулду. Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн кант диабети менен ооруган улгайган жарандарга буруу, физикалык көнүгүүлөр кант диабетин жөнгө салууда жана дарылоодо маанилүү экенин көрсөтүү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Нурдин Сатаров буларга токтолду: "Мындай иш-чараны уюштуруу менен улгайган куракта деле адам спорт менен машыгууга, чың ден соолукта, энергиялуу болууга жана ар бир күндү кубануу менен өткөрүүгө болорун көрсөттүк. Бий адамдын ден соолугуна пайдалуу. Бий кант диабети, жогорку кан басым, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат".

Ошондой эле иш-чаранын алкагында келген катышуучулар кандын курамындагы кантты аныктоого анализ тапшырышып, кан басымын өлчөтүп жатышты. Соңунда баары "Кара жорго" улуттук бийин бийлешти.






Бий флешмобунда бийди катырышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
07.04.2016. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул орустардан улгу алсак,ден-соолугуна кам корууну билишет.Туура тамактанып,убагында текшерилип.. Ал эми кыргыз ата-апаларыбыз таптакыр тошокто жатып калганда аран дарыгерге кайрылышат.
Медиа-портал
08.04.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
движение это жизнь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: