super.kg logo

Бишкектеги жаңы конушта балдарды туура тарбиялоого чакырган иш-чарада ата-энелер жана балдар үчүн түрдүү оюндар уюштурулду

 

Калыс-Ордо конушунда 5-апрелде "Апам, атам жана мен" деген аталыштагы эстафета орун алды. Балдарды коргоо борборунан кабарлашкандай, эстафета тургундарга кубаныч тартуулоо, үй-бүлөдө балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени чыңдоо, балдарга зордук-зомбулуксуз тарбия берүүгө чакыруу максатында уюштурулду.

"2014-жылы 8 жаңы конуштан ата-энелер келип, "Балдарга кордук көрсөтүүнү токтот" деген долбоор алкагында тренингден өтүшкөн. Өз тажрыйбамдан улам бала тарбиялоодо кандай катачылыктар болорун билем. Учурда өз билгендерибизди жаш ата-энелер менен бөлүшүп жатабыз",- дейт уюштуруучу топтун башчысы Керез Абдырасулова.

Эстафетага Калыс-Ордо, Келечек, Эне-Сай, Ак-Жар конуштарынан 10 үй-бүлө жана №57-мектептин окуучуларынын ата-энелери келип катышты. Алар өз ара аркан тартыш, алкак менен ойноо (обруч), чуркоо, кап кийип жарышуу боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты. Катышуучуларды тургундар, аксакалдар колдоп турушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: